• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Баткендин чек арага жакын Ак-Суу айылында мектептин жаңы спорт залы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 08.01.20 /Кабар/. Баткен облусундагы Лейлек районунун чек арага жакын Ак-Суу айылында мектептин жаңы спорт залы колдонууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, 2019-жылы Ак-Суу айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилген. Бирок, каржылоонун жетишсиздигинен мектептин спорт залы курулбай калган. Каржылоо улантылгандан кийин спорт зал салынып бүткөрүлгөн. Ага чейин окуучулар сабакты эски спорт залда өткөрүп келген. Мектептин курулушуна 59 млн сом сарпталган.

Ошондой эле Тажикстан менен чектешкен Достук айылында капиталдык оңдоодон өткөн бала бакча колдонууга берилген. Оңдоо иштери кореялык уюм бөлгөн 24 миң доллар, жергиликтүү бюджеттин – 276 миң сом жана жергиликтүү эл чогулткан 26 миң сомдун эсебинен жүргүзүлгөн. Оңдоо иштеринен тышкары бала бакчага кошумча ашкана салынган.

Пикир

Оставить комментарий