• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткендин чек аралаш аймактарынан эвакуациялангандар үйлөрүнө кайтышууда

Аймак 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун эвакуацияланган жашоочулары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда. Бул тууралуу Баткен райондук ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушуга байланыштуу милиция кызматкерлери калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөттү.

Ошондой эле, аймакка милициянын кошумча көчмө пункттары тартылып, психологдор жана медицина кызматкерлери иштеп жатат.

Белгилегендей, милиция күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

Пикир

Оставить комментарий