• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткендин эң алыскы тоолуу айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 26.11.18. /Кабар/. Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Кан айылындагы З.Ормонов атындагы орто мектеби заман талабына ылайык бардык шарты менен курулуп бүттү. Мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып, ашкана, спорт залы, жуунучу жайы да бар.

Тоо боорундагы Кан айылында пайдаланууга берилген мектептин ачылышына КР өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев баштаган жетекчилер катышып, окуучуларды жана айыл элин куттукташты.

Орто мектептин курулушу 2015-жылы башталып, республикалык бюджеттен 43,5 млн. сом сарпталды.

Ал эми эски мектеп 1936- жылы курулган.

2018-2019-жылдагы жаңы окуу жылында облусттун аймагында 3 типтүү мектеп пайдаланууга берилди.

Алар Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Шайдулла Ганы орто мектеби, Тогуз-Булак айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак орто мектептери.

Андан мурда Лейлек районун Ак-Суу айылдык аймагына караштуу Горький атындагы 475 орундуу мектеби ачылган.

Ал эми төртүнчүсү - Баткен районунун Кан айылындагы З.Ормонов атындагы орто мектеби ачылды.

Учурда облус боюнча 23 мектептин курулушу жүрүп жатат.

Ал эми жаңы окуу жылы башталгандан бери облустта 4 типтүү балдар бакчасы ачылды.

Пикир

Оставить комментарий