• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткендин Самаркандек айылында оорукананын кошумча имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-июлда Баткен облусундагы Баткен районунун чек арада жайгашкан Самаркандек айыл өкмөтүндөгү Самаркандек жалпы дарыгерлер борборунун кошумча имаратынын ачылыш аземи болду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Ашчылыш аземинде министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Маруфхан Тулаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана “Ассанабил” кайрымдуулук фондунун өкүлдөрү, жакындан көмөк көрсөтүп келген коомдук ишмерлер катышты.

Алгач, ачылыш азиминде облус башчысынын биринчи орун басары М.Тулаев имараттын курулушуна демөөрчүлүк кылган “Ассанабил” кайрымдуулук фондуна жана көмөктөшкөн жарандарга облус башчысынын ыраазычылык катын тапшырып, Самаркандек жалпы дарыгерлер борборунун кызматкерлерин 2-июль - Медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Буга чейин аталган борбордун имаратында бөлмөлөр жетишсиз болуп, көйгөй жаратып келген. Учурда кошумча имарат курулуп, бардык керектелүүчү шарттар түзүлүп, анда операция, жараат таңуучу, ийне саюу бөлмөсү жана эки бейтаптар үчүн бөлмө бар.

Пикир

Оставить комментарий