• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткендин Согмент жана Газ айылдарында сел жүрдү

Аймак 0

Бишкек, 13.07.21 /Кабар/. Баткендин Согмент жана Газ айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 12-июль күнү Баткен облусунун Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Согмент жана Газ айылдарында катуу жааган жамгырдан улам сел жүргөн.

Согмент айылында Жаңы-Коргон жана Долто сай участкаларында сел кетип, турак үйлөргө жана эгин талааларга зыян келген эмес. Бирок Долто-Сай участкасында КР ӨКМнин 2019-жылы алдын алуу боюнча аткарган жээк бекемдөө жумуштарын ар жеринен сел суулары жеп кеткен. Ал эми Жаңы-Коргон участкасындагы сел жолдон кетип, жолдун 400-500 метр аралыгына кум-шагыл агызып келген. Жол каттамы ачык, бирок өтүүгө кыйынчылыктар жаралууда.

Ал эми Газ айылында келген сел бир нече жергиликтүү тургундардын короосуна кирген.

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Газ жана Согмент айылдарында жүргөн селден кийин жеринен кабар алып, жергиликтүү тургундар менен пикир алышкан. Облус башчысы тиешелүү кызмат өкүлдөрүнө келтирилген чыгымдарды тактоо, кайра калыбына келтирүү боюнча кошумча күч жана атайын техникаларды тартууну тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий