• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткендин Зардалы айылы органикалык аймак аталды

Аймак 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Баткен облусунда биринчи жолу органикалык аймак болуп Зардалы айылы кабыл алынды. Мындай чечим Баткен районунун Кара-Бак айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында кабыл алынган. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Органикалык айыл чарба Департаментинин Баткен аймактык кеңсесинин адиси Шаабын Боронов Зардалы айылынын эли менен жолугуп келген.

Ал Зардалы айылы органикалык аймак болуп кабыл алынгандыгын элге жеткирүү менен, мындан ары органикалык багытта иштер жүргүзүлөрүн, органика мыйзамдарынын негизинде дыйканчылык кылуу керектигин, бул багытта окуулар болуп турарын түшүндүрүп кайткан.

Ошондой эле Боронов органикалык аймак болгон Зардалы айылындагы жалгыз 600 жылдык өрүк менен жеринде таанышып келди.

Пикир

Оставить комментарий