• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткендин жабыркаган райондорунда банк системасы штаттык режимде иштеп жатат

Аймак 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. Баткен облусунун бардык райондорунда жана шаарларында банк системасы кадимки режимде иштеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрда болгон кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан улам талкаланган, талап-тонолгон, өрттөлгөн кээ бир сактык кассалар кайрадан ордуна келтирилип, өз ишин баштады, ал эми жабыркаган имараттарды калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.

"Мындан тышкары, Баткенде куралдуу кагылышууда жараксыз абалга келген 4 банкомат иштей элек. Алар Лейлек районунун Борбордук, Коргон, Интернационал айылдарында жана Баткен районунун Ак-Сай айылында жайгашкан. Бул банкоматтарды ордуна келтирүү иштери жүрүп жатат.

Учурда Баткенде пенсия, жөлөк пул өз убагында берилип жатат. Бүгүнкү күнгө карата Баткен облусунун аймагында накталай акча менен камсыз кылуу жетиштүү денгээлде", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий