• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Баткенде ат жабдыктарын аткезчилик жолу менен алып кирүү аракети көрүлгөн

Аймак 0

Бишкек, 29.11.22. /Кабар/. Баткенде ат жабдыктарын аткезчилик жолу менен алып кирүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Пульгон айылында М.К.А. аттуу өзбек жаранынын (башкы тамгалар өзгөртүлдү) башкаруусунда Damas үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Текшерүү учурунда унаадан бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган документтери жок ассортименттеги ат жабдыктары табылган. Кармалган товардын жалпы салмагы 858,65 кг түзгөн.

КР Соода-өнөр жай палатасынын Баткен райондук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 451 миң 670 сомду түздү.

Бул факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар КР мыйзамдарына ылайык, караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий