• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткен: Чет өлкөдөн жана өлкө аймактарынан келгендердин бардыгы обсервацияга алынат

Аймак 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Баткен облусуна чет өлкөдөн жана Кыргызстандын башка аймактарынан келген облустун тургундары, облуска киргизилбей туруп, Кызыл-Кыя шаарындагы санитардык-карантиндик көзөмөл постунда текшерилип, Кызыл-Кыя шаарында обсервацияга жаткырылат. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алардын анализинин жыйынтыгы таза чыккан соң, үй карантинине жиберилет.

Ошондой эле буга чейин чет өлкөдөн же өлкөбүздүн башка аймактарынан келген жарандар, облустун 118 номурлуу ишеним телефонуна чалып, өз ыктыяры менен текшерүүдөн өтүүсү зарылдыгын билдиребиз.

Ишеним телефон аркылуу кайрылган жарандарга тез жардам унаасы менен дарыгерлер барып, тийиштүү медициналык кароо жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий