• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенге деп Сауд Аравиядан 47,5 тонна азык-түлүк түрүндөгү гумжардам келе жатат — ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткенге деп Сауд Аравиядан 47,5 тонна азык-түлүк түрүндөгү гумжардам келе жатат. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, Талас элинен 10 тонна гумжардам жолго чыгуу алдында турат.

“Ошондой эле Чүй, Ош облусунан жана Бишкектен 10 тоннадан жүк, мындан сырткары, Дордой ишканасынан дагы 10 тонна, ӨКМ тарабынан 20 тонна ун, 5 тонна май, 5 тонна кумшекер жүктөлүп, жолго чыкканы турат”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 163 адам жабыркап, алардын 33ү набыт болгон.

Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий