• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Баткенге өзгөчө макам берүү: Лейлек районунда жалпы 15 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Коом 0

Бишкек, 28.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Баткендин Лейлек районунда жалпы 15 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол чарба департаментинин директорунун орун басары Бекназар Базаралиев билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам президент Садыр Жапаровдун жолдорду оңдоо боюнча жарлыгы чыккан.

"Анын алкагында айрым жолдор оңдолуп бүттү. Чек арага жакын жайгашкан жолдордо курулуш иштери жүрүүдө. Кыш мезгилинде да оңдоп-түзөөлөр токтобойт”, - дейт ал.

Базаралиев кошумчалагандай, Кулунду - Максат - Арка жолун оңдоодо алгач 10 чакырым каралып, кийин Саада, Максат айылдарынын ички 2,5 чакырым жолдору кошулуп, оңдолду.

“Ошондой эле Аксай - Раваттын 3 чакырымына асфальт төшөлүп берилди”, - деп айтат ал.

Эскерте кетсек, "Баткен облусунун статусу тууралуу" мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үч окууда жактырган.

Пикир

Оставить комментарий