• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенге жардам. Ала-Буканын тургуну жабыркагандарга курулуш материалдарын жөнөттү

Аймак 0

Бишкек, 23.09.22. /Кабар/. Ала-Бука районунун тургуну, "Мурас" кайрымдуулук фондунун негиздөөчүсү Асылбек Муратбеков Баткен облусунда жабыркаган жарандарга курулуш материалдарын жөнөттү.

Ал 3750 даана шифер, 150 тонна цемент, 80 куб жыгач жиберген.

Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Кайырбек Чаргынбаев өлкө жардамга муктаж болуп турган кезде, жардам колун сунуп, атуулдук сезиминин жогору экендигин көрсөткөндүгүн баалап, Асылбек Муратбековго ыраазычылык билдирди.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасады.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 59 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) каза болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий