• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Баткенге жардам. Атайын эсепке дээрлик 179 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 20.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-сентябрь саат 17:30га карата кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына колдоо көрсөтүү үчүн Финансы министрлигинин бирдиктүү казыналык эсебине 178 млн 819 миң 602 сом түштү. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда атайын эсепке түшкөн акчалар эч жакка жумшала элек.

“Кечээ Финансы министрлиги тарабынан Баткенден эвакуацияланган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүүгө, тамак-аш, дары-дармек, медициналык каражаттар жана убактылуу турак жай менен камсыздоого бөлүнгөн 497 млн 60 миң сом кандайча сарпталганын айта кетейин: Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 164 млн сом, президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө 100 млн сомго жакын, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы өкүлчүлүктөрүнө 20 млн сомдон, Баткен облусунун ар бир райондук администрацияларына 10 млн сомдон, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 26 млн 800 миң сом жана Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фондусунун трансфереттерин жана дары-дармек менен камсыздоого 60 млн сом бөлүндү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий