• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенге жардам. Атайын эсепке дээрлик 294 млн сом түштү

Коом 0

Бишкек, 29.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 29-сентябры саат 10:00гө карата алынган маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке КР жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан 293 млн 820 миң 164,21 сом түштү.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий