• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Баткенге жардам. Дээрлик 250 млн сом чогулду

Аймак 0

Бишкек, 22.09.22. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрь саат 15:00гө карата Тажикстандын Кыргызстанга кал салуусунан жапа чеккен калкка колдоо көрсөтүү үчүн атайын эсепке КР жарандарынан, ошондой эле башка ыктыярчылардан 248 млн 566 миң 814,25 сом өлчөмүндө каражат түштү.

Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, атайын эсеп Баткен облусунун элин колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боёмочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Пикир

Оставить комментарий