• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 302 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 302 млн 992 миң 710 сом 60 тыйын түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жалпы 3 миң 511 акча которуу болгон.

Белгилей кетсек, атайын эсеп Баткен облусунун калкын колдоо, ошондой эле абийирсиз жарандардын каржылык көз боемочулугуна бөгөт коюу максатында ачылган.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий