• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепте 194 млн сом калды

Экономика 0

Бишкек, 01.12.22. /Кабар/. Баткенге жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке жалпы 338 млн 329 миң 999,67 сом түшкөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 148 млн 758 миң 177,62 сому сарпталды. Учурда эсепте 194 млн 470 миң 15,03 сом калды.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Пикир

Оставить комментарий