• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Баткенге жардам” кайрымдуулук штабынын ыктыярчылары сыйланды

Спорт 0

Бишкек, 04.06.21. /Кабар/. Кечээ, 3-июнда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин Жаштар борборунда “Баткенге жардам” кайрымдуулук штабынын ишине тартылган ыктыярчыларга сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Аталган агенттиктен билдиришкендей, ыраазычылык катты агенттиктин директорунун орун басары Союзбек Надырбеков тапшырды.

“Залда отурган ар бир инсан өзүнүн жогорку социалдык жоопкерчилигин көрсөтүп, өлкө кыйын учурга туш келген кезде кайдыгер карабай, жардамга келген. Штабдын милдеттерди так аткарып, бирдиктүү максат менен иш алып барганы үчүн Баткен облусунун тургундарына жардам өз учурунда чогултулуп, жеткирилип турду. Биз бир гана дары-дармек, өздүк гигиена каражаттары же азык-түлүк жибербестен, мекенге болгон сүйүүбүздү, боорукерликти жана тилектештикти билдирип жаттык”, – деди Надырбеков.

Белгилей кетсек, “Баткенге жардам”кайрымдуулук штабы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда министрлер кабинети тарабынан түзүлгөн. Штабдын ишинин алкагында Баткен облусуна 150 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий