• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Баткенге жардам” штабы чыр чыккан аймакка 20 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберди

Аймак 0

Бишкек, 01.05.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-майда “Баткенге жардам” кайрымдуулук штабы чыр чыккан аймакка 20 тоннага жакын гуманитардык жардам чогултуп, жиберди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Гумжардамда өздүк гигиена каражаттары, жууп-тазалагыч каражаттары, азык-түлүктөр, кийим-кече, жууркандар жана башкалар бар. Жүк фура менен Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин коштоосу менен жеткирилет.

“Баткенге жардам” кайрымдуулук штабы гуманитардык жардамды чогултууга жана жеткирүүгө көмөк көрсөткөн көңүл кош карабаган жарандарга жана ыктыярчыларга ыраазычылык билдирет.

Белгилей кетсек, штаб күнү-түнү жана дем алышсыз иштейт. Жардам көрсөтүүнү каалагандар 1227 номуру аркылуу же Бишкек шаары, Тоголок Молдл көчөсү 40 дарегине (Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосу) келе алат.

Улуттук валютадагы эсептин реквизиттери (сом):

Кабыл алуучу Банк: Баткен аймактык башкармалыгы
БИК 440902;
ИНН 01312199910086
Эсептин номери № 4409021103005073 «Аппарат полномочного представителя ПКР в Баткенской области)”
Төлөмдүн коду 14411100 – “Текущая помощь”
Чет элдик валютадагы мультивалюталуу эсептин реквизиттери (АКШ доллары):
Correspondent
Bank Federal Reserve Bank of New York, New York, USA SWIFT: FRNYUS33
Beneficiary bank National Bank of the Kyrgyz Republic, Bishkek, Kyrgyz
Republic, 168, Chui Str. , 720040 Bishkek, Kyrgyz Republic
SWIFT: NBKIKG22
Correspondent account number: 0210-8671-5
Beneficiary Central Treasury of the Ministry of Finance of the Kyrgyz Republic
Beneficiary account № 1013350100590106
Элсом: 0772 00 16 16

Пикир

Оставить комментарий