• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Battista – дүйнөдө эң ылдам жүргөн унаа электр кубатын гана колдонот

Дүйнө 0

Бишкек, 05.03.19 /Кабар/. Италияда өндүрүлгөн электр унаасы Battista – Ferrari менен Lamborghini компанияларын артта калтырып, дүйнөдө эң ылдам машине болуп калды. Бул тууралуу Би-би-си кабарлады.

Geneva Motor Show көргөзмөсүнө коюлган Battista аттуу электр унааны Automobili Pininfarina ишканасы чыгарган. Унаа 12 секунддун ичинде саатына 300 чакырым ылдамдыкта жүрөт. Ал саатына 402 чакырым ылдамдыкка чыга алат. Электр энергиясын толук алгандан кийин машине 450 чакырым аралыкка жетет.

"Кыймылдаткычы кубаттуу, ылдамдыгы жогору болгону менен айлана-чөйрөгө эч зыян келтирбеген унааны чыгаруу бизге абдан кызык болду. Менимче, бул келечектин унаасы", – деди компаниянын башчысы Пининфарина.

Быйылкы Geneva Motor Show көргөзмөсүндө дагы электр унааларына өзгөчө көңүл бурулганы байкалып турду. Automobili Pininfarina өндүргөн унаадан тышкары Rimac жана Tesla чыгарган электр машинелерине да көптөр кызыкты.

Эске салсак, көп өлкөлөр дизель жана бензин менен жүргөн унааларга тыюу салуу планын жарыялаган соң BMW, Volkswagen, Mercedes жана башка унаа өндүрүүчүлөр приоритеттерин өзгөртүүдө.

Пикир

Оставить комментарий