• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча иш: Отурум жактоочу жана айыпталуучу келбегендигинен кайра жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.03.20./Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Соттун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү соттук отурум адвокат Н.В.Зотова жана айыпталуучу А.Раимжановдун келбегендигине байланыштуу 2020-жылдын 17-мартына саат 10:00гө жылдырылды.

Буга чейин ИИМден билдиришкендей, А.Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүүлөргө 19 билдирүү берилген. 14 шектүү сот менен кызматташуу боюнча келишимге кол коюп беришкен. Сот менен кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон шектүүлөр боюнча кылмыш иштин материалдары 423 томду жана негизги кылмыш иш 28 томду түзгөн. Жалпысынан 451 том.

Эскерте кетсек, А.Атамбаев, И.Жолдубаева (Президент аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиев (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчисинин кеңешчиси) жана А.Раимжанов (Гематология улуттук борборунун мурунку директору) коррупцияга айыпталууда.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

Пикир

Оставить комментарий