• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сот: Качкыналиев менен Раимжановго өкүм чыгарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Бүгүнкү соттук отурумда сот өкүмүн чыгарды.

Соттун чечими менен Улуттук гематология борборунун мурдагы директору Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыштын эскирүү мөөнөтү өткөндүктөн өкүм күчүнө киргенге чейин ал үй камагына чыгарылды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөлүү деп табылып, ал 2 жылга эркинен ажыратылды. Аталган мөөнөт ал тергөөгө алынган учурдан баштап саналып, ал мезгил өтөлдү деп эсептелип, Качкыналиевди сот залынан чыгыруу каралды.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий