• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча сот: Сот чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кетти

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өндүрүшүндө коррупциялык кылмыштар боюнча А.Ш.Атамбаев, И.Ы.Жолдубаева, А.Раимжанов жана К.О.Качкыналиевдерди айыптоо боюнча жазык иши каралууда.

Бүгүнкү соттук отурумда айыпталуучу мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Сергей Слесарев жарыш сөздө акыркылардан болуп сүйлөдү.

Андан кийин репликалар айтылып, айыпталуучуларга акыркы сөз берилди. Атамбаев акыркы сөз сүйлөөдөн баш тартты.

Андан кийин сот чечим чыгаруу үчүн кеңешме бөлмөсүнө кетти.

Буга чейинки отурумда мамлекеттик айыптоочулар тобу айыпталуучулар А.Атамбаев менен Жолдубаеваны 15 жылга, Раимжанов менен Качкыналиевди 13 жылга эркинен ажыратууну суранган.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Пикир

Оставить комментарий