• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Батукаевдин бошотулушу боюнча иш: Отурум кайрадан жылдырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.03.20 /Кабар/. Бүгүн, 17-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин иши боюнча отурум болушу керек болчу.

Бирок жыйын адвокаттын жоктугунан улам 19-мартка жылдырылды.

Эскерте кетсек, А.Атамбаев, И.Жолдубаева (Президент аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиев (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын мурунку жетекчисинин кеңешчиси) жана А.Раимжанов (Гематология улуттук борборунун мурунку директору) коррупцияга айыпталууда.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш фактыларына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: анын ичинде кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу.

Убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, А.Батукаевдин бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К.Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А.Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

Пикир

Оставить комментарий