• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Батукаевдин иши боюнча сот. Атамбаев бүгүн да отурумга келбейт – жактоочу

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш иши боюнча баштапкы отурум болмок.

Бирок, Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев кабарчыларга билдиргендей, мурдагы президент отурумга келүүдөн дагы бир жолу баш тарткан.

Ал кошумчалагандай, адвокаттар соттон ал кишинин өзү жок эле сотту өткөрө бергиле деген өтүнүч келтиришет. Ал эми сот кандай чечим чыгараары белгисиз.

Иш боюнча алгачкы угуулар 11-октябрь күнү башталды. Бирок Атамбаев сотко келүүдөн баш тартып жаткандыктан, алгачкы угуулар эки жолу жылдырылган.

Мындан мурдараак ИИМден билдиришкендей А. Батукаевдин бошотулушу боюнча иште сотко чейин өндүрүш боюнча 19 шектелүүчүгө билдирүү берилген. 14 шектелүүчү менен тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлса, 5 шектелүүчү кызматташуудан баш тарткан.

Кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон шектелүүчүлөрдүн кылмыш иштеринин материалдары 423 том жана негизги кылмыш иште 28 томду түзгөн. Жалпы 451 том болгон.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш факттарына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемаларга, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупцияга, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алууга.

А. Батукаевдин бошотулушу боюнча убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, анын бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К. Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А. Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди, анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий