Батукаевдин иши боюнча сот. Атамбаев экинчи ирет абак камерасынан чыгуудан баш тартса, анда кандай чаралар көрүүлөрү айтылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.10.19. /Кабар/. КРнын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча соттук отурумга келбей, экинчи ирет камерадан чыгуудан баш тартса кандай чаралар көрүүлөрүн айтты.

Башкы прокуратуранын кылмыштык жана жарандык соттук өндүрүш башкармалыгынын улук прокурору Медербек Абдышев билдиргендей, 11-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунда саат 10:00гө Атамбаев, Жолдубаева, Качкыналиев жана Раимжановдордун жазык иши боюнча алдын ала угууларды жүргүзүү дайындалган. Жазык процессуалдык кодексинин 170-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык алдын ала угуу жүргүзүү - бул өзгөчө оор кылмыштар боюнча жана бөгөт коюу чарасын жокко чыгаруу боюнча жол берилбей турган далилдерди жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчтөр боюнча дайындалат. Ал эми жогоруда аттары аталган айыпталуучулар өзгөчө оор кылмыш боюнча айыпталып жаткандыгына байланыштуу алдын ала угуу жүргүзүү дайындалган.

“Мындан тышкары ошол күнү Атамбаев абак камерасынан чыкпай койгондугуна байланыштуу сот залына алынып келинген эмес. Ал тууралуу акт түзүлүп, отурум жылдырылган. ЖПКнин 275-беренесинин 4-бөлүмүнүн талаптарына ылайык, эгер айыпталуучу арыз менен кайрылып, анын катышуусу жок эле сотту жүргүзүүнү суранса, отурумду өткөрүүгө болот. Ал эми Атамбаев тарабынан мындай кайрылуу болбогондугуна байланыштуу процесс жылдырылган”,- дейт ал.

Абышев билдиргендей, бүгүнкү отурум да жабык өтөт. Процесске төрага, мамлекеттик айыптоочулар, жактоочулар жана айыпталуучу гана катышат.

Кабарчылардын Атамбаев кайрадан абак камерасынан чыгуудан баш тартса эмне болот деген суроосуна, Абышев бул маселе отурумдун жүрүшүндө, мыйзам чегинде чечилет, деп жооп берди.

Иш боюнча алгачкы угуулар 11-октябрь күнү башталды. Бирок Атамбаев сотко келүүдөн баш тартып жаткандыктан, алгачкы угуулар эки жолу жылдырылган.

Мындан мурдараак ИИМден билдиришкендей А. Батукаевдин бошотулушу боюнча иште сотко чейин өндүрүш боюнча 19 шектелүүчүгө билдирүү берилген. 14 шектелүүчү менен тергөө менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлса, 5 шектелүүчү кызматташуудан баш тарткан.

Кызматташуу боюнча макулдашууга кол койгон шектелүүчүлөрдүн кылмыш иштеринин материалдары 423 том жана негизги кылмыш иште 28 томду түзгөн. Жалпы 451 том болгон.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак Кыргызстандын парламенти Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзгөн. Соңунда, комиссия Атамбаев бир катар кылмыш факттарына тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген: Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупциялык схемаларга, кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна, борбор калаанын ЖЭБине көмүр сатып алуудагы коррупцияга, Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо жана сатып алууга.

А. Батукаевдин бошотулушу боюнча убактылуу атайын комиссиянын корутундусунда, анын бошотулушу Атамбаевдин көрсөтмөсү менен уюштурулгандыгы айтылат.

Бул факт боюнча А. Атамбаевге, И. Жолдубаевага (президенттин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы), К. Качкыналиевге (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын мурдагы кеңешчиси) жана А. Раимжановго (Улуттук гематология борборунун мурдагы директору) коррупция беренеси боюнча айып тагылган.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун өкүмү менен бир катар оор жана өтө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Азиз Батукаев 16 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

2019-жылдын 8-август күнү укук коргоо органдары Атамбаевди, анын Кой-Таштагы үйүнөн кармап, ал 26-августка чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. 20-август күнү Биринчи май райондук соту аны 26-октябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Пикир

Оставить комментарий