• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Батукаевдин иши боюнча сот: Эрматов дагы эки айга камакта калтырылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.12.19./Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен мурдагы судья Жапар Эрматовдун баш коргоо чарасы дагы эки айга узартылган. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасы 2020-жылдын 22-февралына чейин узартылган.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеш тарабынан мурдагы президент А.Атамбаевдин “экс-президент” макамын алуу боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия ишинин жыйынтыгында Атамбаев бир катар кылмыш иштерге тиешеси бар деген чечимге келген. Атап айтканда, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо бир катар коррупциялык схемаларга, кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу, Бишкек ЖЭБне көмүр сатып алууда коруупциялык схемаларды түзүү, Кой-Таш айылында жерлерди мыйзамсыз алуу жана акча чыгарууларга тиешеси бар.

Убактылуу комиссиянын тыянагында А.Батукаевди бошотуу Атамбаевдин тапшырмасы менен болгондугу көрсөтүлгөн.

Учурда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүүдө.

2006-жылдын 3-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районунун райондук соту Азиз Батукаевди бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн 16 жыл жана 8 айга эркинен ажыраткан.

Бирок Атамбаев Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун лидери, коомчулукка жана мамлекетке абдан чоң коркунуч алып келүүчү адам экендигине карабастан, КР УКМКнын төрагасы Ш.Атахановго аны ар кандай себеп менен абактан бошотуу тууралуу тапшырма берген.

8-августта кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

Пикир

Оставить комментарий