• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Батукаевдин иши: Мурдагы министр Динара Сагынбаева үй камагына чыгарылды

Коом 0

Бишкек. 23.05.19 /Кабар/. Мурдагы саламаттык сактоо министри, Улуттук госпиталдын директору Динара Сагинбаева 26-июнга чейин үй камагына чыгарылды. Тийиштүү чечимди Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту кабыл алды.

Сагинбаева 14-майда Азиз Батукаевдин иши боюнча сурактан кийин кармалган болчу.

Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2006-жылы 16 жылга соттолгон. Бирок, 2013-жылы Азиз Батукаевге ак кандуулук диагнозу коюлган. Ал оор дартка чалдыккан деген тыянактын негизинде камактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган. Ал камактан чыккандан кийин "Манас" аэропортуна келип, Россиянын Грозный шаарына (Чечня) жеке учак менен учуп кеткен.

Пикир

Оставить комментарий