• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Батыралиев аймактардагы кадр жетишсиздиги тууралуу: 20 дарыгер болушу керек болсо 7 гана иштейт

Ден соолук 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Алыскы аймактарда жаш адистерге шарттарды түзүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана Саламаттык сактоо министрлиги биргеликте иш алып баруулары керек. Мындай демилгени “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев айтып чыкты.

Анын айтымында, өлкөнүн айрым райондорунда дарыгерлердин саны 7-8 адамдан турат, ал эми 10 миң калкка кеминде 22-24 дарыгер керек жана бул биринчи кезекте инфраструктуранын жоктугуна байланыштуу.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын айрым башчылары медициналык кызматкерлерге жардам берүүдөн баш тартышкан. Буга байланыштуу кээ бир райондордо 10 миң калкка 7-8 гана дарыгер калган. Негизи алардын саны 22-24 болушу керек эле. Жергиликтүү башкаруу органдарынын көмөгүсүз кадрлардын мындай жетишсиздиги менен сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө мүмкүн эмес. Бул Саламаттык сактоо министрлигинин милдети эмес. Ак-Талаа, Ат-Башы, Чаткал, Ала-Букада жаш адистер иштешет, анткени аларга инфраструктуралар түзүлгөн”, - деди министр.

Өз сөзүндө Батыралиев Алайда жагдай кандай экенин айтып өттү. Ал жакта өлкөнүн ар башка аймактарынан келген жаш адистер иштешет. Себеби ооруканада бардык шарттар түзүлгөн, жашай турган жай, интернет ж.б. бар

“Көйгөйлөр толуп атат. Бирок сапаттуу медициналык кызматтарды жакшыртуу үчүн аймактарда биргелешип иштөө зарыл. Инфраструктураны секторлор аралык жакшыртып, жолдорду куруп, таза суу кошуу керек. Тейлөө жана саламаттык маданиятын жакшыртуу кажет”, -деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий