• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Батыралиев калаадагы №1 ҮМБ директорун кызматтан алды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 08.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун милдетин аткаруучу Айдарбек Шакировду кызматтан алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Талантбек Батыралиев өзү билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн Бишкекте Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдына №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринин чыгышы болуп, алар директорун кызматтан алууну талап кылышкан.

Батыралиевдин айтымында, Шакиров Эмгек кодексине ылайык, милдеттерин аткаруудагы бир нече жолку одоно бузуулар үчүн кызматтан алынды.

Ал билдиргендей, кызматтан алуу Бишкектин Ленин райондук прокуратурасынын өкүлдөрүнүн көрсөтмөсүнүн негизинде жана ССМнын коррупциянын алдын алуу боюнча комиссиянын чечими менен жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий