• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Батыралиев ССМ электрондук базасын түзүү тууралуу: Тендердин биринчи баскычы өткөн жок

Коом 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев “Дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар электрондук маалымат базасынын” концепциясын ишке ашыруунун учурдагы абалы тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, Дары-дармектер улуттук маалымат базасы, кыйынчылыктарга карабастан, киргизилген. Бул өңүттө ССМ активдүү иштерди жүргүзүп, Бүткүл дүйнөлүк банк жактырган программалар пакетин иштеп чыккан.

“Биринчи тендер өткөн жок, бүгүн кайра өткөрүлөт. Бул жерде маселе бар, айрым катышуучулар атайылап создуктурууда. Дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдар маалыматтар базасын онлайн системасы боюнча ишке ашырууну каалайт элек”, - деп айтып берди Батыралиев “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында.

Министр бүгүнкү күнү Бишкекте башка баа, Токмокто таптакыр башка экенин кошумчалады. Система сапатын жана баасын гана эмес, өндүрүлгөн күнүн дагы көрсөтүшү керек. Айрыкча жарамдуулук мөөнөтү өткөн дары-дармектер боюнча.

“Ар бир жаран дары-дармектин сапаты, активдүү заттын таасири, өндүрүүчү, ташуучу, сатуучу жана дарыны жазган дарыгер жөнүндө маалымат алышы керек”,- деп белгиледи министр.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын электрондук базасын түзүүнүн негизги максаты өлкө ичинде бар дары каражаттары тууралуу маалыматтык базасын түзүү жана алардын баасын жөнгө салуу болуп саналат.

Кыргызстандагы дары-дармектер жана медициналык багыттагы буюмдардын электрондук маалымат базасы – бул автоматташтырылган система. Ал импорттук жана атамекендик өндүрүштөгү дары-дармектерди электрондук түрдө көзөмөлдөйт.

Пикир

Оставить комментарий