• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Батыралиев түрк кесиптеши менен саламаттык сактоонун бир топ маселелерин талкуулады

Ден соолук 0

Бишкек, 01.03.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркияда медициналык окуу жайларында билим алган жана өз өлкөсүнө келип медицина тармагында билим алган жана өз өлкөсүнө келип медицина тармагында кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк врачтардын, фармацефттердин жана медициналык жабдууларды колдонуу боюнча техникалык кесиптин ээлерин чогулткан эл аралык конференцияга катышуу максатында 2018-жылдын 1-3 мартында Анкара шаарына барган жана бул конференцияга катышуу алкагында кесиптеши Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри Ахмет Демирджан менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу КР ССМ басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Талантбек Батыралиев кесиптеши убакыт бөлүп, көрсөткөн меймандостук мамилеси үчүн жана кыргыз элине саламаттык сактоо тармагында көрсөткөн колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле азыркы учурда Бишкек шаарында курулуш иштери аяктап, жогорку технологиялык медициналык жабдыктар орноштурулуп Кыргыз Республикасынын жарандары жана жалпы эле Кыргызстанда жашаган жана ден соолугун чыңдоону каалаган жарандар үчүн кызмат максатын көздөгөн Бишкектеги мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасынын ачылышы, кыргыз-түрк ортоктошо иштетилиши, кыргыз тарабына өткөрүлүп берилиши, ошондой эле кыргыз жарандарынын медицина жана медицина тармагында адистиктер боюнча билим алуусу тууралуу Макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Ахмет Демирджан кыргыз элинин ден соолугун чыңдоо жана заманбап технология менен жабдылган оорукананын ийгиликтүү иштөөсү үчүн керек болгон бардык жардамды берүүгө даяр экендигин билдирди. Айрыкча оорукананын мамлекеттик, улуттук статуска ээ болоорун, социалдык жардамга муктаж болгон жарандар үчүн өзгөчө статьялар каралууда деп билдирди. “Жолугушуунун натыйжасында Кыргызстан үчүн керектүү ар түрдүү жардам жана колдоо көрсөтүлөт” - деп билдирди Ахмет Демирджан, Түркия Республикасынын Саламаттык сактоо министри.

Пикир

Оставить комментарий