• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Батыш Чех университетинин студенттери ОшМУнун сертификаттарына ээ болду

Аймак 0

Бишкек, 30.10.17 /Кабар/. Чехия мамлекетинин Батыш Чех университети менен ОшМУнун ортосундагы академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде Чехиядан келген 8 студент октябрь айы ичи ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинде билим алышса, аталган университеттин философия жана искусство факультетинин деканы, т.и.д., профессор Павел Варжека жана декандын орун басары Давид Шанц ОшМУда конок лекцияларды өтүшүп, тажрыйба бөлүштү. Бул тууралуу ОшМУнун басма сөз кызматы билдирди.

Толук 1 ай билим алышкан студенттерге бүгүн 30-октябрь күнү окууну ийгиликтүү аяктагандыгын тастыктаган сертификаттарды ОшМУнун өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректору Абдыганы Абдувалиев тапшырып, студенттердин окууларына ийгилик каалады. Ошондой эле эки университеттин ортосунда алгачкы ирет ишке ашып жаткан академиялык мобилдүүлүк багытындагы иш аракеттер мындан ары да жанданып, өркүндөй берүүсүн, студенттердин сапарлары байсалдуу болуусун каалады.

Өз кезегинде Чехиядан келген студенттердин атынан Марина Вишнякова Кыргызстандын маданияты, билим берүүсү менен таанышып, ОшМУда билим алып жаткан жаштар менен пикир алышып, достошуп, Ош шаарынын, Ош облусунун тарыхый, кооз жайларында болуп көп маалыматка ээ болушкандыктарын айтып, мындан ары да эки университеттин кызматташтыгынын артуусуна салым кошушарын белгилешти.

“ОшМУ менен Батыш Чех университетинин ортосундагы келишимдерге ылайык быйылкы жылы Чехиядан 8 студент бизге келип билим алышса, учурда Чехияда биздин эл аралык мамилелер факультетинен 7 студент, 1 мугалимдин жетекчилигинде билимин өркүндөтүп, тажрыйба алмашууда.

Ал эми келишимдерге ылайык 2018-жылы Батыш Чех университетине 20 студентти, профессордук-окутуучулук курамдан 10 окутуучуну жөнөтүүнү пландаштырып жатабыз. Ошондой эле эки университеттин ортосунда мындан ары илимпоздордун биргелешкен илимий изилдөөлөрүн жүргүзүү, стажировкаларды уюштуруу, биргелешкен конференция, он-лайн лекция, симпозиумдарды өткөрүү иштери да келишимде каралган”, -деди ОшМУнун эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эрлан Камалов.

Пикир

Оставить комментарий