• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Батыш Казакстанда карантин чаралары жумшартылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Батыш Казакстан облусунда өзгөчө абал режими аяктагандан кийин блокпосттор алынып, ири дүкөндөр иштеп, шаарда ээркин жүрүүгө уруксат берилди.

12-майдан тартып облустун башкы санитардык дарыгеринин токтомунун негизинде акырындык менен карантин алына баштады. Ушул тапта блокпосттор Орол жана Бурлин районунда гана калды.

Азык-түлүк базарлары таңкы саат 9дан кечки 4кө чейин иштей башташты. Калкты тейлөө жана бизнес борборлору ачылат. Ошол эле маалда жашоочулар беткап тагынууга милдеттендирилди. Кишилердин сейилдөөсүнө уруксат берилди, бирок эки метр аралык сакталышы керек.

Аймакта карантин 25-майга чейин узартылган. Бул режим үч баскыч менен алынат. Экинчи баскыч 18-майда – эгер вирус жуктурган адамдардын саны бир күндө бештен ашпаса, үчүнчү айлампасы 25-майда – вирус жуктурган учур күнүгө экиден көп болбосо гана башталат.

Облуска 30-мартта карантин киргизилген. Жашоочуларга азык-түлүк жана дарыканага баруу үчүн гана тышка чыгууга уруксат берилген.

12-майга карата аймакта вирус жуктургандарын саны 255ке жетти.

Пикир

Оставить комментарий