• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Батыш өлкөлөрүндөгү банктардан 2,5 миллиард доллар уурдаган хакерлер колго түштү

Дүйнө 0

Бишкек, 28.01.21. /Кабар/. Украинанын укук коргоо органдары Европол, АКШ жана Германиядагы кесиптештери менен биргеликте дүйнөнүн бир нече өлкөсүндөгү банктарга киберчабуулдарды жасаган хакерлер тобун колго түшүрүштү. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 27-январда билдирди.

2014-жылдан бери иштеп келаткан топ сыр сөздөрдү, логиндерди жана төлөм маалыматтарын уурдоого багытталган «банк трояндарын» колдонуп, компьютерлерге кирип жүрүшкөн.

Маалыматка караганда, кылмышкерлердин мындай аракетинен Улуу Британия, Германия, Австрия, Швейцария, Нидерланд, Литва жана АКШдагы каржы мекемелери зыянга учураган. Алар уурдаган каражаттын жалпы суммасы 2,5 миллиард долларды түзгөн.

Хакерлер Украинанын Харьков шаарында жана Харьков облусунун аймагында иштешкен. Тинтүү маалында алардан кылмыш жасоо үчүн колдонулган компьютердик жана сервердик жабдуулар табылган.

Пикир

Оставить комментарий