• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

"Бавария" клубу Audi компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча 500 миллион евро алат

Спорт 0

Бишкек, 15.01.20. /Кабар/. Германиянын "Бавария" клубу Audi компаниясы менен жаңы келишим түздү. Бул тууралуу немис клубунун расмий сайтында билдиргенин Чемпионат басылмасы жазып чыкты.

Ага ылайык, жаңы келишим 2029-жылга чейин түзүлдү. Бул аралыкта "Бавария" клубу демөөрчүсү болгон Audi компаниясынан 500 миллион евро алат.

"Кызматташтыктын дагы улана турганы кубанарлык көрүнүш. "Бавария" клубу үчүн бул келишим маанилүү стратегиялык кадам болуп саналат. Audi менен келишимдин узарышы эки жакка тең пайда алып келет", - деп "Бавария" клубунун башкармасынын төрагасы Карл-Хайнц Румменигге билдирди.

Эске салсак, "Бавария" менен Audi компаниясы 17 жылдан бери кызматташып келет.


 

Пикир

Оставить комментарий