• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

“Бавария” клубу Чемпиондор лигасынын финалына чыкты

Спорт 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Бавария” менен “Лион” командалары оюн өткөрдү.

Оюн 3:0 эсебинде германиялык клубдун жеңиши менен аяктады. Беттеште голду Серж Гнабри (2 гол) жана Роберт Левандовский киргизди.

Чемпиондор лигасынын финалында “Бавария” командасы “ПСЖ” командасы менен оюн өткөрөт. “ПСЖ” клубу өзүнүн тарыхында алгачкы ирет финалга чыккан.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын 2018-2019-жылкы сезонунда “Ливерпуль” командасы чемпион аталган.

Пикир

Оставить комментарий