• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Базар баасынан 10-15%га төмөн болот. Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 10.02.21. /Кабар/. Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт, - деп билдирет Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жарманке 2021-жылдын 13-14-фералында Түштүк Магистраль - Нуркамал Жетикашкаева көчөсүндө (12 кичирайону) өтөт. Анда азык-түлүктүн баасы базар баасынан 10-15%га төмөн боло тургандыгын кабарланды. Ошондой эле бул ирет уй этинин килограммы 400-405 сом.

Кошумча маалымат алуу үчүн: жарманкеге продукциясын алып келе турган компаниялар төмөнкү номерге кайрылса болот. Тизме менен кабыл алынат. 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0500 04 80 49.

Пикир

Оставить комментарий