• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргон: Бакча өсүмдүктөрүнүн түшүмү жыйналууда

Аймак 0

Бишкек, 18.07.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда бакча өсүмдүктөрүнүн түшүмү жыйналууда. Бул тууралуу райондун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, быйыл 13-июлга карата алынган бакчанын түшүмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 37 тоннага көп болду.

Алынган маалыматтарга караганда, быйыл 13-июлга чейин бакча өсүмдүктөрү айдалган жалпы 449 гектар аянттын 164 гектары жыйналып алынган. Ошентип, жалпы аянттын 36 пайызында түшүм жыйналып алынды. Өткөн жылы ушул кезде жыйналып алынган аянт 163 гектарга барабар эле.

Ал эми түшүмдүүлүк жагынан өткөн жылга салыштырмалуу абал жаман эмес. Өткөн жылы ар гектар аянттан алынган түшүмдүүлүк 163 центнерди түзсө, быйыл ар гектарынан 164 центнерден алынды. Демек, ар гектарынан 100 килограммдан утуш бар. Эгер алынган түшүмдүн дүң көлөмүн алсак, быйыл 13-июлга чейин жыйналган түшүм 3213 тоннаны түздү. Өткөн жылы ушул мезгилде жыйналган түшүм 3176 тоннага барабар эле, демек, быйыл 37 тонна түшүм көп алынды.

Эскерте кетсек, бакча өсүмдүктөрү райондун Акман, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Сейдикум, Кеңеш айыл аймактарында айдалат. Бишкек-Ош автоунаа жолунун эки бетинде, базарларда сатылып жаткан коон-дарбыздар ошол аймактардын дыйкандарынын эмгегинин жемиши болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий