• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Базар-Коргон: Быйыл картошканын түшүмүнүн мол болушу күтүлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.07.20 /Кабар/. Быйыл райондо эгилген картошка аянттарынан өткөн жылдагыга караганда көбүрөөк түшүм алынышы күтүлүүдө. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда өткөн жылга салыштырмалуу 397 тонна картошка көбүрөөк жыйналып алынды.

Быйылкы жылы район боюнча 1393 гектар аянттагы эгилген картошканын түшүмүн жыйнап алуу иштери жүрүп жатат. Алсак, 13-июлга карата бардык аянттын 403 гектарындагы түшүм жыйналып алынган. Эгер салыштыра келсек, өткөн жылы 13-июлга карата 384 гектар аняттагы түшүм жыйналган болчу. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу 19 гектарга алга озуу бар.

Быйылкы жылы картошканын түшүмдүүлүгү да жаман эмес. Мисалы, азыркы тапта жыйналып алынган картошканын түшүмү ар гектарынан 180,1 центнерден айланууда. Ал эми өткөн жылдын ушул кезинде түшүмдүүлүк гектарына 178,7 центнерден айланган. Демек, азырынча ар гектардан 1,4 центнерден көбүрөөк картошка жыйналууда.

Эгер жыйналган түшүмдүн дүң көрсөткүчүнө көңүл бурсак, анда быйыл 13-июлга карата 7260 тонна картошка жыйналды. Өткөн жылы ушул мезгилде жыйналган картошканын дүң көлөмү 6863 тоннаны түзгөн. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу быйыл 397 тонна картошка көп жыйналып алынды

Пикир

Оставить комментарий