• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргондо жардамга муктаж 70 үй-бүлөгө көмүр таратылды

Аймак 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинде райондук хатибияттын демилгеси менен аз камсыз болгон 70 үй-бүлөгө 5 мүшөктөн көмүр таратылды. Бул тууралуу райондун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди.

Анын айтымында, 30дан ашуун үй-бүлө атасынан эрте ажыраган балдар болсо, калгандары аз камсыз болгон үй-бүлөлөр. Ар кайсы чет өлкөлөрдө эмгектенген райондун жаштары хатибияттын бул сунушун колдоого алып, демөөрчүлүк кылышкан.

«Дүйнөнүн ар бурчунда жүргөн районубуздун жаштары аз камсыз болгон мекенденштерибизге жардам берели деген сунушубузду кабыл алышып, өз ыктыяры менен каражат жөнөтүштү. Хатибият кызматкерлери улутуна, уруусуна карабастан муктаждыгына карап тизмеге алып калыс бөлүштүрүп бердик”,-деди Тынчтыкбек ажы.

Пикир

Оставить комментарий