Базар-Коргон районунда 5 миң орундуу жаңы мечит пайдаланууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 28.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков район аймагындагы жаңы салынган мечиттин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып чыкты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Баш имам хатибдин айтымында, жаңы мечиттин жанында 100 жылдык тарыхы бар мечит болгон. Анын эскилиги жетип калгандыктан бузулуп, анын ордуна заман талабына ылайык, бардык шарты менен 2 кабаттуу мечит салынган.

«Ата-бабаларыбыздан калган эски мечит замандын талабына жооп бербей калгандыгына байланыштуу бузууга туура келди. Ордуна бардык шарты менен 5 миң орундуу мечит салдык. Бир аз бүтпөгөн иштери калды. Жакынкы күндөрү эл кызматына пайдаланууга берилмекчи»,-деди Тынчтыкбек ажы.

Белгилей кетсек, мечит Сауд Араб Падышачылыгынын жараны доктор Саид тарабынан каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий