• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Базар-Коргон районунда кооптуу аймакта жашагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 04.02.21. /Кабар/. Базар-Коргон районунда кооптуу аймакта жашагандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 291 үй-бүлөнүн кооптуу аймактарда жашагандыгы аныкталган. Алардан 279 кожолукка атайын жер тилкелери берилип, мамлекеттик ссудаларды алышкан. Бирок мындагы 27 үй-бүлө гана аталган жайлардан толук көчүп чыккан.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тийиштүү тармактардын кызматкерлери менен бирге 52 кожолукка эскертүүлөрдү берди. Жаз-жай айларында кооптуулук дагы да жогору болоору айтылып, адам өмүрүн сактап, материалдык чыгымдарды болтурбоо үчүн алдын алуу зарылдыгы белгиленди.

Кооптуу тилкелер райондун Базар-Коргон, Арстанбап, Могол, Талдуу-Булак, Кызыл-Үңкүр жана Кеңеш айылдарында аныкталган. Тургундарга жер тилкелери 2017-жылы райондун административдик аймагында турган, учурда Ноокен районуна караштуу Арал айылындагы Орто-Сай участкасынан бөлүнгөн. Жаңы конушта 247 үй-бүлө турак жай куруу иштерин баштаганы менен алардын көпчүлүгү толук бүткөрүлө элек.

Пикир

Оставить комментарий