• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Базар-Коргон районунда турак үйлөргө аскадан таш кулоо коркунучу жаралган - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 21.05.02. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айыл аймагындагы Арстанбап айылынын Тураев көчөсүндө жайгашкан 11 турак үйгө аскадан таш кулоо коркунучу жаралган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-майда таштарды коопсуз жайга түшүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп, кеч киргендигине байланыштуу саат 19:30да убактылуу токтотулган. Таш түшүрүү иш-чаралары бүгүн, 21-май күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий