• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Базар-Коргон районунда жөлөкпул берүүнүн даректүүлүгү текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 06.04.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда аймагындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө чегерилүүчү жөлөкпулдардын даректүүлүгү жеринде каралып жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жөлөк пулдардын даректүүлүгүн кароо облус башчысы Абсаттар Сыргабаевдин тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

5-апрелде ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Эркинбек Маматаев Базар-Коргон районунун Базар-Коргон шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгында болуп, кызматкерлердин ишмердүүлүгүн карады.

Мындан сырткары, мамлекеттик жөлөк пул алган, келтирилген себептерге ылайык документтери кайтарылган үй-бүлөлөргө барды.

Кыдыруунун натыйжасында мыйзамга ылайык жөлөк пул алуудагы жоболордун бузулганы, шаардык мэрия, айыл өкмөт жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын кызматкерлеринин кемчилдиктери аныкталып, эскертүүлөр берилди.

Эркинбек Маматаев өлкө казынасынан чегерилүүчү жөлөк пулдар чыныгы жакыр үй-бүлөлөргө берилүүсүн, бул боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү тапшырмасын берди. Алдыда текшерүү иштери облустун бардык аймактарында улантылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда 23 миңден ашуун балага жөлөк пул берилет.

Пикир

Оставить комментарий