• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Базар-Коргон районунда жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кошумча имараттары даярдалып бүттү

Аймак 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жугуштуу оорулар бөлүмүнүн кошумча имараттары даярдалып бүттү.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган жайларда түзүлгөн шарттарды облус өкүлү Нурболот Мирзахмедов барып көрүп чыкты.

"Коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдык көрүү максатында, Базар-Коргон районунда эки жайга кошумча жугуштуу оорулар бөлүмдөрүн даярдоо иштери соңуна чыкты. Мында аймактык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнө 130 орун кошулду. Аны даярдоого жергиликтүү айыл өкмөттөр жана демөөрчүлөр тарабынан 2 миллион 700 миң сомго жакын акча каражаты сарпталды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий