• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Базар-Коргон районундагы Чарбак айылында жер көчкү түшүп, бир үйдү сүрүп баштады

Аймак 0

Бишкек, 4-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 4-апрели күнү саат 9:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Чарбак айылында көлөмү болжол менен 50000м3 жер көчкү активдешип, 1 турак үйдү сүрүп баштаган жана 3 турак жайга коркунуч жаралган. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Айыл аймак тарабынан жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарына түшүндүрүү, коопсуз жайга көчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий