• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Базар-Коргон районундагы дайынсыз болгон 3 бала аман-эсен табылды - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон районунун Колот айылында дайынсыз болгон 3 өспүрүм аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 5-июнь күнү саат 20:10де КР ӨКМинин Базар-Коргон райондук №78 Өрт-куткаруу бөлүмүнө Акман айыл аймагынын Колот айылында 3 бала (2009-ж.т., 2010-ж.т., 2015-ж.т.) дайынсыз жоголуп изделип жаткандыгы, сууга агып кетти деп күмөөндөлүп жаткандыгы боюнча кабар келип түшкөн. Түшкөн кабар боюнча өздүк курамга жыйын жарыяланып, саат 20:50дө издөө иштерине чыгып кетишкен.

Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын Кайырма көлүнүн айланасы, Акман айылындагы каналдардын бойлой издөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада жоголгон 3 бала Жаӊы-Акман айылында адашып калган жеринен райондук ӨКБнүн кызматкерлери тарабынан табылып, ата-энелерине тапшырылды.

Издөө иштерине Базар-Коргон райондук ӨКБнөн 23 куткаруучу, мындан тышкары ИИБ кызматкерлери, жергиликтүү бийликтен 5 адам, туугандарынан 10 адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий