• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Базар-Коргон районундагы «Коргон-Жар» архелогиялык эстелиги мамлекеттин карамагына алынат

Маданият 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун аймактарга балгон иш сапары Жалал-Абад облусундагы Базар- Коргон районунда уланып жатат. Анда ал “Арстанбап” күмбөзүнө жана “Коргон-Жар” архелогялык эстелиги менен таанышып, жасалып жаткан иштер жана пландар тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Арстанбап” күмбөзүндө болгон жолгушуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен болуп, аны оңдоп-түзөө, реставрацияоо жана жер участогуна мамлекттик акт алуу маселелери каралды.

Арстанбап күмбөзү - XVI- XVIII кылымдарга таандык археологиялык эстелик болуп саналат. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылындагы Арстанбап суусунун сол өйүзүндө жайгашкан. Күмбөздүн туурасы 5,7, ал эми узундугу 9,9 метрди түзүп,чатыр менен жабылган. Күмбөздүн дубалына жалбырактардын, бутактардын сүрөттөрү, оймо-чиймелер түшүрүлгөн. Төрт бурчунда кооздолгон тирөөчтөр бар, эшигинин үстү үч бурчтуу, арка түрүндө жасалган.

“Арстанбап” күмбөзү Орто Азия элдеринин соңку мезгилине таандык курулуш үлгүлөрүнө кирет. Ал байыркы кол өнөрүн үйрөнүүдө кызыктуу архитектуралык эстелик болуп эсептелип, жыл сайын миңдеген турист жана эс алуучулар келет.

Эске салсак “Арстанбап” күмбөзүн сактап калуу жана жергиликтүү туризмди өнүктүрүү максатында Маданият министрлиги тарабынан 2019-жылы анын коргоо чолкомдорунун долбоору иштелип чыккан болчу.

Ал эми, биздин заманга чейинки I кылымдарга таандык Коткор айылындагы “Коргон-Жар” археологиялык эстелиги бүгүнкү күндө мамлекеттин карамагында эмес экендиги маалым болду. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эстелик менен жеринде таанышып, аны сактап калуу үчүн анын жер тилкесине мамлекеттик акты алуу каралып, тарыхый-маданий мурас багытында мамлекеттик баланска алуу чечилди.

Ошондой эле министр Азамат Жаманкулов аталган объектини көп жылдан бери кайтарып келген жергиликтүү тургун 86 жаштагы Орозбек Шабданов менен жолугуп, ал тарыхый жай тууралуу баарлашып, маданий мураска болгон астейдил мамилесин, аны сактап турууга кошкон салымын баа жеткис экендигин белгилеп, ыраазычылык айтты.

Пикир

Оставить комментарий