• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Базар-Коргон районунун аярлуу катмарына 15 тонна ун жана 15 миң беткап таркатылды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун аярлуу катмарына 15 тонна ун жана 15 миң беткап таркатылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Базар-Коргон райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана жалгыз бой карыяларга 15 тонна ун жана 15 миң беткап таркатты.

Ошондой эле гуманитардык жардамды 310 үй-бүлө алды, анын ичинде 6 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана тылда эмгектенген 7 адамга берилди.

5-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен тогуз адам айыккан жана илдеттен эки адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий